Өлкө башчы Садыр Жапаров кечээ, 7-майда Ржев шаарында Орусияга болгон расмий сапарынын алкагында Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Федералдык Жыйынынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту.
Президенттин маалымат кызматынан билдиргендей, эки тараптуу кызматташтыктын бир катар маселелери, анын ичинде Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамилелерди тереңдетүүдөгү парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнүн ролу боюнча пикир алмашуу болду.
Вячеслав Володин өнүгүү үчүн бардык күч-аракетти жумшоо менен Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген достук мамилелерди мындан ары да чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчысы Кыргызстан салттуу түрдө Орусия менен соода-экономикалык мамилелерди чыңдоого жана өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын Орусия менен тышкы соода жүгүртүүсү рекорддук деңгээлге жетип, үч миллиард АКШ долларынан ашты. Учурдагы мүмкүнчүлүктөрдү жана ниеттерди эске алуу менен соода жүгүртүүнү жана инвестициялык кызматташууну мындан жогорку деңгээлге чыгаруу толук реалдуу.
Ошону менен бирге Садыр Жапаров эки өлкөнүн евразиялык интеграциянын алкагында жигердүү кызматташуусу өнүгүп жатканын канааттануу менен белгиледи. Үстүбүздөгү жылы Орусиянын ЕАЭБ органдарындагы төрагалыгынын алкагында Кыргызстан орус тараптын демилгелерин ар тараптуу колдоого даяр", - деп айтылат маалыматта.
Жыйынтыгында тараптар саясий, соода-инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүүнү макулдашты.