Президент Ржев шаарында кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориалды ачты (сүрөт)

Орусияга болгон расмий сапарынын алкагында өлкө башчы Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согушта Ржев-Вяземск багытындагы салгылашууларда курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориалды ачты.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, Садыр Жапаров жана Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Федералдык Жыйынынын төрагасы Вячеслав Володин мемориалга гүл коюп, курман болгон жоокерлердин элесин бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти.

Мөңгү баскан Ала-Тоонун үч чокусу түрүндөгү төрт метрлик эстелик Кыргыз ССРинде туулуп, Ржев салгылашында курман болгон Кызыл Армиянын жоокерлеринин урматына тургузулган.

"Ржев жерине мемориал орнотуу демилгеси кыргыз тарапка таандык жана аны орус тарап колдоого алган. Мемориалдын курулушуна кеткен чыгым Кыргызстандын элдик каражатынан да сарпталган.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул шаарга келиши Улуу Ата Мекендик согушта баатырларча курман болгон кыргызстандык мекендештерге арналган мемориалдык эстеликтин ачылышына байланыштуу экенин белгиледи. Дал ушул жерде 1945-жылдын майындагы жалпы Жеңиштин өзөгү калыптанып, ширетилген эң ири жана кандуу салгылашуулар орун алган", - деп айтылат маалыматта.

Садыр Жапаров жалпы Жеңишке мекендештердин кошкон салымын белгилеп, айрым цифраларды, фактыларды келтирди. Алсак, согушка 400 миңге жакын кыргызстандык же ар бир төртүнчү бойго жеткен мекедешибиз чакырылган. 130 миңден ашык адам согуш талаасынан кайтпай калган. Көрсөткөн эрдиктери жана каармандыктары үчүн 150 миңден ашуун кыргызстандык аскер ордендер менен сыйланган, анын ичинен 74 Советтер Союзунун Баатыры, 21 жоокер III даражадагы Даңк ордени менен сыйланган.

Ушул эле жерде Садыр Жапаров менен Вячеслав Володин казак жоокерлеринин мемориалына да гүл коюшканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан