Жалпы республикалык тестирлөөгө 47 миңден ашык абитуриент катышат. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти.
Маалымдалгандай, ЖРТнын биринчи этабы 20-21-майда өтөт. Ал эми экинчи этабы 23-24-майда өтсө, акыркысы 23-24-июнга белгиленген.
Республика боюнча жалпысынан 117 тест борбору уюштурулат.
Эске салсак, жогорку окуу жайларга абитуриенттер бир гана Жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаты менен кабыл алынат.