Орусиянын Санкт-Петербург жана Казань шаарларында Кыргызстандын жаңы башкы консулдуктары пайда болот.
Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Документтерге Кыргызстандын жарандарынын Орусияда мыйзамдуу ыңгайлуу жүрүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында кол коюлган.