Өлкө башчы Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинди ушул жылы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта сунуш ыраазычылык менен кабыл алынганы айтылат.
Бүгүн, 8-майда Москва шаарында эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусу өттү.
Орусияга расмий иш сапары менен барган Жапаров 9-майда ардактуу конок катары Жеңиш парадына катышат.
Аны жети министрден тышкары Коопсуздук кеңешинин катчысы, өкмөт башчынын биринчи орун басары, Орусиядагы элчи жана Бишкек шаарынын вице-мэри коштоп жүрөт.