Жалал-Абад шаарында 9-майга карата согуш ардагери Сафин Гаффан менен концлагердин туткуну Валентина Симоненкого президент Садыр Жапаровдун атынан 100 миң сомдон жана жергиликтүү бюджеттен 20 миң сомдон акча каражаты тапшырылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат борборунан кабарлашты.
Ага ылайык, акча каражатын 8-майда шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин депутаты Максат Жусупбеков тапшырган.
Андан соң шаар мэри Эрнисбек Ормоков, мэрдин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Айзат Раматиллаева Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жесирлеринен кабар алып, азык-түлүк баштыктарын беришти.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынан Улуу Ата Мекендик согушка 10 миңден ашуун адам аттанып, анын 5024ү кайтып келген. Учурда калаада бир согуш ардагери, 1 концлагер туткуну жашайт.