Бүгүн, 9-май күнү Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 78 жылдыгына карата “Өлбөс полк” жүрүшү болуп өттү.
Жүрүштүн катышуучулары согуш ардагерлеринин сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты. Миңдеген адам катышкан бул жүрүш борбор калаанын Түштүк дарбазасынан башталып, борбордук көчөлөр аркылуу Жеңиш аянтына чейин уланды.
Учурда аталган аянтта бул майрамга карата иш-чаралар болуп жатат. SUPER.KG порталы иш-чарадагы элдин маанайын чагылдыруу менен фоторепортаж даярдады.