"Керемет Банк" ААК ардагерлерди Жеңиш Күнү менен куттуктайт!

Улуу Ата Мекендик Согуштагы Жеңиш Күнүнө карата "Керемет Банктын" жетекчилиги тарабынан бир катар кайрымдуулук иш-чаралар өткөрүлдү. Атап айтсак, согуш ардагерлери менен катар эле оорукта эмгектенишкен ардагерлер Банк тарабынан азык-түлүк жана таттуу азыктар менен камсыз кылынды.
"Керемет Банк" ААК жетекчилиги бул өңдүү иш-чараларды такай өткөрүүгө аракет кылат жана ата-энелерибиздин жаркын келечек үчүн болгон күч-аракети менен эрдиктери элибиздин эсинен эч качан чыкпайт деп ишенет. Тилекке каршы, жыл өткөн сайын ардагерлерибиздин саны азайып бара жатат. Андыктан биз ардагерлерибиздин ар бирине жылуу сөз айтып, көңүлүн көтөрүүгө үлгүрүп калуубуз абзел.
Албетте, жаркын келечек үчүн ардагерлерибиз тарабынан жасалган бардык күч-аракеттер ар бир кыргызстандык жарандын көкүрөгүндө сакталат. Улуу Ата Мекендик Согуштагы Жеңиш майрамы менен бардыгыңыздарды чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Эч ким, эч качан унутулбайт!
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан