Тазабек Икрамов: "6-чакырылышта каралоого аракет кылышкан"

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов өзүнө карата 6-чакырылышта каралоо аракети болгонун билдирди. Бул тууралуу эл өкүлү SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда айтып берди.

"6-чакырылышта коррупционерлер, Бишкектеги мектептерде ата-энелерден акча топтоо боюнча, ошондой эле эл арасында аты чыгып калган мамлекеттик ишмерлердин, айрым кесиптештердин коррупциялык иштери, алардын бир топ жерлерди мыйзамсыз ээлеп алганы тууралуу айтып чыккам. Ошондой эле коррупционерлерге карата курч мыйзамдарды демилгелегем. Ошондон кийин алар мени жаманатты кылууга аракеттенишкен. Алар каралоо аракети менен артымдан түшүп алышкан. Маселен айрым жаңылып калган учурларды кесип алып, монтаждап, айтор ушул өңдүү аракеттер көп болгон", - деди Икрамов.

Ошондой эле ал убакыт баарына тараза экендигин, андай учурлардан сабырдуулук менен өтсө, кимдин ким экени билине турганын кошумчалады.

Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрө аласыз.

?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан