Бүгүн, 9-майда президент Садыр Жапаров Орусия Федерациясына жасаган расмий сапарынын алкагында Москва шаарындагы Кызыл аянтта Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган парадга ардактуу конок катары катышты.
"Салтанаттуу жүрүшкө 30 параддык эсепте 8 миңден ашык аскер кызматкерлери жана 125тен ашык аскердик техника катышты", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Жеңиш парады аяктагандан кийин өлкө башчы Садыр Жапаров жана Орусиянын президенти Владимир Путин Армения, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын лидерлери, ошондой эле делегация башчылары жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен бирге Александр бакчасындагы Белгисиз солдаттын мүрзөсүнө гүл коюшуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине бир мүнөт үн катпай таазим кылышты.