Жогорку Кеңештин эртеңки жыйыны жылдырылды

Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин Координациялык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жыйынга төраганын орун басарлары, фракция лидерлери, тармактык комитеттердин төрагалары жана аппараттын жетекчилери менен бөлүм башчылары катышты.

Координациялык кеңеш жыйындардын календарлык планын бекитип, муну менен катар каралчу маселелердин тизмесин тактады.

"11-майда Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын алгачкы Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата мааракелик иш-чаралар өтөт. Андыктан аталган күндөгү парламенттин жыйыны кийинкиге жылдырылды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан