
Бүгүн, 10-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат
Мирлан Самыйкожо Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.
Эл өкүлү Конституцияга 11 жолу өзгөртүү киргизилгенин белгилеп, анын баарында кыргыз тилинде жазылбагандыктан котормосунда каталар бар экенин айтты.
"Баш мыйзамда, анын башаламандыгында турат балээнин баары. Азыркы Конституциянын дагы туура эмес которулгандыгы тууралуу айтылуучу сунуштар бар. Кыргызда "Бир алымдан эт кетет, бир сүйлөмдөн кеп кетет" деген сөз бар. Акыркы Конституция кыргыз тилинде жазылды дешкен, бирок биз орус тилинен тантык которулган каталарды тизмектеп койдук. Ким керек десе, ошого берели. Оңдолуш керек", - деди Самыйкожо.
Ошондой эле ал Баш мыйзамды, "Популисттик, алешемдик менен шашылыш жазылып калганы сокурга көз бүткөндөй көрүнүп турат" деп сыпаттады.
"Бүгүн Баш мыйзамды аттап, тебелеп-тепсеп, ар кандай түшүнүктөргө өтүп кетип жатабыз. Баш мыйзамыбызды кайрадан редакциялап, кайра карап чыкпасак, бул башталышы эле. Бул Конституция менен кете берсек, алдыда дагы көп тарткылыгыбыз бар", - деди ал.
Сунушту депутат Адахан Мадумаров дагы кубаттады.