Координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү

Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин Координациялык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирет.

Маалымдалгандай, жыйынга төраганын орун басарлары, фракция лидерлери, тармактык комитеттердин төрагалары жана аппараттын жетекчилери менен бөлүм башчылары катышты.

Координациялык кеңеш жыйындардын календарлык планын бекитип, муну менен катар каралчу маселелердин тизмесин тактады.

Белгилүү болгондой, эртең, 11-майда Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын алгачкы Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата мааракелик иш-чаралар өтөт. Андыктан аталган күндөгү парламенттин жыйыны кийинкиге жылдырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан