Бокс боюнча Дүйнөнүн мурдагы чемпиону, орусиялык мушкер Николай Валуев Донбасска барганда бир өлүмдөн калганын айтты. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, экс-спортчу Луганскка барып, командалык пунктка киргенде бөлмөгө америкалык реактивдүү комплекстин ракетасы учуп кирген. Бактыга жараша, снаряд жарылган эмес.
"Биз командалык пунктка киргенде ошол жерге HIMARS (ракеталык система) сокку урду, бирок ракета жарылган жок. Коңшу бөлмөдө эс алып жаткан киши каза болгон. Анын буттары жулунуп, кан жоготуп каза болгон. Мунун баары биз пунктка киргенге чейин болгон", - деген Валуев.
49 жаштагы депутат фронттогу жоокерлер жана офицерлер менен баарлашып жатып алган таасирлерине да токтолду. Ал аскерлердин жана жергиликтүү тургундардын болуп жаткан окуяларга жасаган мамилеси аны катуу таң калтырганын моюнуна алды.