Кыргызстанга Япониядан дарт аныктоочу көчмө томографиялык аппарат алып келинди

Өлкөгө Япониядан дарт аныктоочу көчмө томографиялык аппарат алынып келди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Япониянын “Toshiba” компаниясынан чыккан бул аппарат бир жылга акысыз колдонууга берилген.

"Буга чейин чоң шаарларда томографиялык аппараттар бар болгону менен алыскы, бийик тоолуу аймактар заманбап дарт аныктоочу аппаратка муктаж болуп келишкен. Андыктан жаңы көчмө томографиялык аппарат Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабировдун биргелешкен аракеттеринин аркасы менен алынды. Учурда бул аппаратты жер-жерлерге жеткирүүнүн чыгымдарын, анда иштеген дарыгерлердин айлык акысын чечүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жакынкы аралыкта дагы 8 миллион долларга гранттык негизде жаңы үлгүдөгү медициналык жабдуулар алынып келери күтүлүп жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан