Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды Пакистанга барбай турууга чакырды. Себеби?

Пакистандагы ички саясий кырдаалдын кескин курчушуна байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга бул өлкөгө баруудан баш тартууну сунуштайт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

"Ошол эле учурда Пакистанда жүргөн жарандар өлкөдөгү кырдаал толук турукташканга чейин өздөрүнүн коопсуздук чараларын күчөтүшү керек", - деп билдиришти министрликтен.

Акыркы окуялардан жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандары тууралуу маалымат элчиликке түшкөн эмес.

Пакистанда полиция менен мурдагы премьер-министр Имран Хандын тарапкерлеринин ортосунда кагылышуу орун алууда. Анын камакка алынышы менен нааразылык акциялары башталган. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жүздөгөн демонстранттарды кармап кетишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан