Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңеште өткөн Баш мыйзамдын 30 жылдыгына арналган жыйында төрага Нурланбек Шакиев депутат Адахан Мадумаровду эки жүздүү деп сындады.
Ага чейин жыйында сөз сүйлөгөн Адахан Мадумаров бийликти кескин сынга алган.
Иш-чаранын соңунда төрага алгач жыйындын катышуучуларына Баш мыйзамдын 30 жылдык мааракесин утурлай келип, катышып, жакшы сөздөрдү айтканы үчүн ыраазычылык билдирип, андан соң Мадумаровдун сөзүнө жооп кайтарды.
"Эми бизде ушундай демократия. Ким эмнени кааласа, оозуна келгенин сүйлөйт. Биздин бир ораторубуз " "Мен бул иш-чарага келмек эмесмин" дейт, бирок келди, катышып отурат. Эки жүздүүлүктүн чеги болот. Мындай учурларды сөзсүз белгилеп коюшубуз керек. "Мен бул бийликке түкүрдүм" дейт, өзү бийликтин бир бутагы болгон парламенттин депутаты. Өзүнүн бетине өзү түкүрөт. Биз ошондой ачуу-таттууну айтып коюшубуз керек. Анткен менен бүгүнкү жыйын өз максатына жетти деп ойлойм", - деди Шакиев.