Кыргызстанда самокат тепкен жаран адамды сүзүп кеткен учурда жоопкерчилик каралабы? 

Акыркы учурда Бишкек шаарында электросамокат тепкен адамдардын саны арбыды. Жарандарыбыздын пайдалуу транспорт түрү менен калаа аралап, жумуш бүтүрүп жүргөнү жагымдуу көрүнүш. Бирок ошол эле маалда электросамокаттан кырсыктап калган жарандар дагы жок эмес.

Пайдалуу кеңеш түрмөгүндө самокат тепкен жарандар адамдарды сүзүп, ден соолугуна залал келтирсе жоопкерчилик караларына кызыгып, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына кайрылып, сурап көрдүк.

"Эгер электросамокат тепкен жаран жолдон чыгып кетип адамды сүзүп, кырсыкка кабылса 5 500 сом өлчөмүндө айып пул төлөйт. Мындан тышкары жабырлануучунун дары-дармектеринин чыгымын толуктап берет. Ал эми жолдон тышкары, мисалы, сейил бакта болсо бөдө кырсык катары каралып, ал учурда эки тараптын сүйлөшүүсү же сот аркылуу маселени чечип алышат. Тагыраагы, жабырлануучунун дары-дармегинин чыгымын төлөп беришет" деп билдирди башкармалыктын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу.

Ошондой эле ал учурда Жол кыймылынын коопсуздугу эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилип жатканын, анда самокат дагы караларын кошумчалады.

"Жол кыймылынын эрежелеринин пункттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралып жатат. Себеби буга чейин аталган эрежелерде самокат каралган эмес" дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан