"Сабап чечинтип". Өзбекстанда аял күйөөсүнүн сүйлөшкөн кызын туугандары менен сабап салды

Коңшу Өзбекстанда аял аны таштап кеткен күйөөсүнүн сүйлөшкөн кызынын үйүнө туугандары менен барып, аны чечинтип сабап, видеого тартып алып, социалдык тармактарга таратып жиберген. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышты.

Окуя 16-апрелде Кашкадарыя облусунда болгон. Анда 33 жаштагы аял жакындары менен чогуу аны таштап кеткен күйөөсүнүн 30 жаштагы сүйлөшкөн кызынын батирине барып, чатак чыгарып, аны сабап, чечинтип, болгон нерсенин баарын видеого тартып алган. Андан соң аны басынтуу үчүн видеону социалдык тармактарга жарыялап жиберген.

Эң кызыгы бул окуянын күнөөкөрү болгон күйөөсү ошол учурда карап турган жана эч нерсе кылган эмес.

Кошуналарынын айтымында, эркек үй-бүлөсүн таштап кеткендиктен аялы мындай кадамга барууга аргасыз болгон.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Видеону таратып жиберген аял айып пул төлөйт же үч жылга чейин эркинен ажыратылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан