"Бишкекасфальтсервис" мекемеси жумушчуларды издеп жатат (Талаптар)

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы жумушчуларды издеп жатат. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты.

Ага ылайык, сметаны түзүү инженерине бир кызматкер, жол жумушчуларына 25 адам керек.

Сметаны түзүү инженери кызматкерине коюлган талаптар:

- 18 жашка толгон Кыргыз жараны;
-соттолбогон;
- кесиптик билими бар;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта иш стажы же административдик кызмат орундарынын тобун жана категориясын эске алуу менен адистиги боюнча иш стажы бар;
- кесиптик билими бар.
- Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү чөйрөдөгү мыйзамдарды билүү.
- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдер;
- компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу;
- кесиптик билими бар экендиги белгиленген формадагы документ менен ырасталат.

Жол жумушчуларына коюлган талаптар:

-18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жараны;
- тажрыйбасы жана көндүмдөрү бар кесипкөй жумушчулар;
-жаман адаттарсыз;
-так жана жоопкерчиликтүү;
-нормаларга жана талаптарга так ылайык иштерди аткаруу.

Толук маалымат алуу үчүн телефон номерлер: 0312377717.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан