Супер фактылар: Коёндор башын бурбастан эле арткы тарабын көрө аларын билчү белеңиз?

Коёндор башын бурбастан эле арткы тарабын көрө аларын билчү белеңиз? Чындыгында, дээрлик бардык жаныбарлар абдан кенен жана кызыктуу көрүнүшкө ээ. Көздөрү башынын капталында турган жаныбарлар өтө кичинекей баш кыймылдары менен арттарын көрө алышат.

Бирок башын кыймылдатпай артын көрүү жөндөмү коён менен тоту куштарда гана бар. Анткени коён менен тоту куштардын көздөрү баш сөөгүнүн алдыңкы тарабында эмес, капталында жайгашкан жана баштарынын алдыңкы жана арткы бөлүгүндө көрүү аймагын тосуучу түзүлүш жок.

Мындан тышкары, анын көздөрү бардык жырткыч душмандарын көрүү үчүн 360 градуска айлана алат. Булардын баарына кошумча көздөрүн бири-биринен көз карандысыз айланта алышып, душмандарын бир эле учурда эки башка багытта көрүшүнө шарт түзүшөт. Бул өзгөчөлүктөрдүн баары коёндор менен тоту куштардын баштарын кыймылдатпай арттарын көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан