Арча-Бешик конушунда жаңы бала бакча курулуп жатат (фото)

Арча-Бешик конушунда бала бакча курулууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, имарат Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан курулуп, 2 кабат жана жер төлөдөн турат. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 8 топ 180 орунга эсептелген. Жалпы аянты - 1889,3 чарчы метр.

"Учурда сырткы жасалгалоо, аймакты көрктөндүрүү жана от казандын курулушу жүрүп жатат. Имаратта оюн-зоок, буфет, ашкана, уктоочу, жуунуу бөлмөлөр, медициналык кабинет, кызматкерлердин бөлмөсү, музыкалык-гимнастикалык зал, кампалар жана техникалык жайлар жайгашкан. Ал эми курулуш иштерин "КББ" ЖЧКсы подряддык уюму жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан