Талас шаарынын мэри болуп Эрмат Жумаев дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КР мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Жумаев Эрмат Джумаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Талас облусунун Талас шаарынын мэри болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин ал Каракол шаарынын мэри болуп иштеп келген.
Ал эми Талас шаарын Аскар Шабданов жетектеп келген.