14-майга караган түнү Бишкек шаарындагы түнкү клубдардын биринин жанында ок атылган. Бул окуя боюнча маалымат милицияга саат үчтөр чамасында түшкөнүн Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматта ал түнкү клубдан чыгып, травматикалык тапанча менен асманга ок чагырганы айтылат.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1989-жылы туулган А.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Айрым ЖМКлар кармалган жаран Экономика министрлигинде иштей турганын жазышты.