Кылычдароглу Эрдоганды добуштардын саны боюнча дээрлик кууп жетти

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган президенттик шайлоодо урналардын 90 пайызындагы бюллетендерди саналып бүткөндө, 50 пайыздан аз добуш алууда. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Акыркы маалыматтарга караганда, Эрдоганга шайлоочулардын 49,76 пайызы (24 миллион 300 миңден ашык жаран) добуш берсе, 44,49 пайызы (21 миллион 600 миңден ашуун жаран) Кылычдароглуга, 5,3 пайызы Оганга (2 жарым миллиондон ашык) добуш берген.

Эгерде бир дагы талапкер 50 пайыз добуш ала албаса, добуш берүүнүн экинчи туру 28-майда өтөт.

Учурда добуштар эсептелип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан