Түркиядагы президенттик шайлоодо Кемал Кылычдароглуга берилген добуштардын саны 45 пайызга өсүп, бюллетендердин 99,9 пайызы саналды. Бул тууралуу TRT Haber басылмасы жазды.
Анын атаандашы, азыркы мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган шайлоочулардын 49,34 пайыз добушун алды.
Эгерде бир дагы талапкер 50 пайыз добуш ала албаса, добуш берүүнүн экинчи туру 28-майда өтөт.
Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо кечээ, 14-майда өттү. Президенттикке үч талапкер бар: азыркы президент 69 жаштагы Эрдоган, оппозициялык Элдик альянстан талапкер 74 жаштагы Кылычдароглу жана Ata альянсынан 55 жаштагы Синан Оган.
Төртүнчү талапкер "Memleket" партиясынын лидери Мухаррем Инже шайлоого үч күн калганда талапкерлигин алып салган.