Баткен облусундагы Төрт-Күл суу сактагычына чөгүп кеткен эки баланын бирөөсү табылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Кечээ, 14-май күнү саат 20:35те Төрт-Күл суу сактагычында кайыкта сейилдеп жүргөн (болжол менен 15-20 жашта) балдар сууга чөккөндүгү боюнча маалымат министрликке келип түшкөн.
Издөө иштерине саат 20:50дө издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу тартылып, түнкү саат 00:00гө чейин издөө иштери жүргүзүлгөн.
Бүгүн, 15-май күнү саат 05:50дө 15 куткаруучу издөө иштерин улантууга чыгып, саат 08:35де 2009-жылы туулган Д. М. аттуу өспүрүмдүн сөөгүн табышты.