Бишкек шаарындагы түнкү клубдардын биринде асманга ок чыгарган жаран үй камагына чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, шектүүнү үй камагына чыгаруу чечимин Октябрь райондук соту чыгарган.
"Учурда тергөө иштери уланып жатат" деп билдиришти райондук милициядан.
Эске салсак, 14-май күнү түнкү саат үчтөр чамасында милицияга Бишкектеги Suzie Wong түнкү клубунда ок атылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1989-жылы туулган А.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Айрым ЖМКлар кармалган жаран Экономика министрлигинде иштей турганын жазышкан.