Атыр Абдрахматованын ордуна эки аял талапкер болууда. Кимдер?

Акыйкатчы кызматына Жогорку Кеңештин фракцияларынан эки талапкер бар. Мындай маалымат Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

"Ата Журт Кыргызстан" фракциясы талапкер катары башкы прокурордун мурдагы орун басары Жамиля Жаманбаеваны, "Ыйман нуру" фракциясы Кулира Кубатованы көрсөттү.

Жыйынтыгында комитет көрсөтүлгөн талапкерлерди Акыйкатчы кызмат ордуна шайлоо үчүн Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечимин кабыл алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан