Борбор Азиянын айрым өлкөлөрү тобокелчиликке барууга даяр эместигин жана Батыштын Орусияга каршы санкцияларына кошулушу мүмкүн экенин ачык айтышууда. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин эл аралык конференцияда билдирди.
"Бир тараптуу экономикалык чектөөлөрдүн кабыл алынгыстыгы жана легитимсиздиги боюнча позициялардын дал келгендигине карабастан, Борбордук Азиянын бир катар өлкөлөрү тиешелүү тобокелдиктерди өзүнө алгысы келбейт, алар Батыштын чектөө чараларын колдонууга даяр экенин моюнга алышууда", - деген ал.
Галузин ошондой эле өз ара милдеттенмелерге, анын ичинде ЖККУ, ЕАЭБ жана КМШ боюнча милдеттенмелерге каршы келбесе Орусия тышкы жана ички саясатты эч кимге буйрук кылбай турганын баса белгилеген.