Депутат коррупция менен кармалгандардын колун кесүү керектигин айтты

Депутат Русланбек Жакышов Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин жыйынында коррупционерлердин колун кесүү керектигин айтты.

Жыйында депутат Жеңишбек Токторбаев мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган мыйзам долбоорун сунуштады.

Бул сунушту Русланбек Жакышов колдой турганын айтып, кыргыз эли мындай мыйзамга суусап турганын айтты.

"Бул мыйзам долбоорун албетте колдойм, бул керектүү мыйзам. Биздин сүйүктүү мекенибизде убагында заводун заводдой, жерин жердей кылып таш-талканын чыгаргандар азыр өздөрүн элита сезип, чоң-чоң кызматтарда отурат. Уулдары, кыздары, неберелери келип калды азыр. Бир эле өздөрүн эмес, уул-кыздарын дагы мамлекеттик кызматка албаш керек. Кытайдыкындай колдорун, манжаларын балта менен чаба тургандай мыйзамдарды алып келиш керек", - деди Жакышов.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорунун концепциясын жактырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан