Кыргызстандын тышкы карызын азыр деле төлөп салууга болот. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде айтты.
"2023-жылдын 31-мартына карата мамлекетибиздин тышкы карызы 4,5 миллиард долларды түздү. Ооба, азыркы учурда тышкы карызды төлөп салууга биздин кудуретибиз жетет. Бирок айта кетчү нерсе алынган тышкы карыздын дээрлик бардыгы 20 жылдан 40 жылга чейин жеңилдетилген, пайыздык чендери 0,75%дан 2%га чейинки кредиттер болуп саналат.
Карызды алып жатканда мөөнөтүнөн мурда төлөй турган болсок, анда алган сумманын үстүнө дагы кошумча пайыз төлөө милдеттемелери коюлуптур. Ошондуктан карызды мөөнөтүнөн мурда жаап салуу бизге пайдасыз. Биз тышкы карызды өз убагынан бир мүнөт дагы кечиктирбей төлөп жатабыз, ага толук шартыбыз дагы бар. Корко турган эч нерсе жок. Бүгүнкү күндө буга чейинки алынган ички жана тышкы карыздын эң көп бөлүгүн төлөп баштадык.
Мисалы, тышкы карыз 2004-жылы 3 миллиард 100 миллион сом, 2008-жылы 5 миллиард сом, 2011-жылы 9 миллиард 400 миллион сом, 2017-жылы 20 миллиард 600 миллион сом, 2019-жылы 28 миллиард 100 миллион сом төлөнгөн. Жыл сайын карызды төлөөнүн көлөмү графикке ылайык өсүп келе жатат.
2022-жылы 33 миллиард 600 миллион сом карызды төлөдүк. Быйыл 48 миллиард 600 миллион сом төлөйбүз. Алдыңкы 2024-жылга 64 миллиард 700 миллион, 2025-жылга 75 миллиард 100 миллион сом төлөө каралган.
Мамлекетибиз эгемендик алган жылдар аралыгында алынган карыздардын эң көп бөлүгүн эми биз төлөп жатабыз. Эгер ушул акчалардын баарын карызга төлөгөндүн ордуна социалдык жана башка иштерге жумшаганыбызда, бүгүнкү жасалып жаткан иштерден жүз эсе жакшы иштерди жасамакпыз.
Карызды башкаруу стратегиясында мамлекеттик карыздын деңгээли ИДПга карата 70%дан ашпоосу керек деп белгиленген. Бизде, ИДПдан ашып түшкөн жылдар болгон. Маселен, 1999-жылы мамлекеттик карыз ИДПга карата 133%га көтөрүлүп кеткен. 2020-жылдын жыйынтыгы менен, мамлекеттик карыздын деңгээли ИДПга карата 68 пайызга жеткен. Азыркы учурда мамлекеттик карыздын деңгээли ИДПга салыштырмалуу 53%га төмөндөдү. Бул көрсөткүч карыздын деңгээлинин туруктуу экенин, мамлекетибиздин экономикасынын өсүү темпинин ылдам жогорулап жатканын көрсөтөт", - деди Жапаров.