Талкууга түшкөн 21 миллион: Президент кенемтени изилдөөнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызмат өтөө учурунда каза болгон учурда бериле турган компенсациялык төлөм берүү маселесин изилдеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Бул тема акыркы убакта коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Компенсация суммасы бюджетке оорчулук келтирбей тургандай жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө колдоо болгудай кылып мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун берүү тапшырмасы берилди", - деп жазды Султанбаев.
Эскерте кетсек, буга чейин кызмат өтөө учурунда каза болгон прокурорго мамлекет тарабынан 21 миллион сом каражат бөлүнүп берилиши коомчулуктун нааразычылыгын жараткан болчу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан