Коңшу Казакстан жер семирткичтердин айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салды. Мындай маалыматты Казакстан өкмөтү таратты.
Кеп аммиак селитрасы жана аммофос жөнүндө болуп жатат. Жер семирткичтерди экспорттоого тыюу салуунун негизги себеби, жергиликтүү дыйкандарды колдоо болуп саналат.
"Буга байланыштуу министрлер кабинети жер семирткичтердин бул түрлөрүн аларды өндүрүүчүлөргө гана экспорттоого өзгөчө укук берүү чечимин кабыл алды. Ошону менен бирге облустук бийликтин суроо-талаптары боюнча жергиликтүү дыйкандардын муктаждыктары артыкчылыктуу тартипте камсыздалат", - деп жазылат билдирүүдө.