Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Алимжан Байгазаковду Эсеп палатасынын аудитору кылып шайлашты.
Белгилүү болгондой, "Альянс" фракциясы бул кызматка Алимжан Байгазаковду, ал эми "Ишеним" фракциясы Алмазбек Тажиевдин талапкерлигин сунуштаган. Башка фракциялар, депутаттык топтор талапкерлерди көрсөткөн жок.
Бирок жыйындын жүрүшүндө "Ишеним" фракциясы тарабынан сунушталган Алмазбек Тажиевдин талапкерлериги алынды.
Талкуунун жыйынтыгында Алимжан Байгазаковдун талапкерлиги жашыруун электрондук добуш берүүгө коюлду. Анын талапкерлигин 75 депутат колдоду.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.