Орусияда аялын аёосуз сабап салган Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун уулу Пётр Каримов дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, ал Москва облусундагы полиция бөлүмүнө сурак берип чыккандан кийин дайынсыз жоголгон. Анын учурда кайда экендиги белгисиз. Анын аялы кабатыр болуп, полицияга арыз жазганга камынууда.
Аялынын айтымында, күйөөсү экөөнүн ортосундагы чыр акчадан улам келип чыккан. Пётр Каримов мас абалында аялынан Ташкентке билет алып берүүнү жана мейманканага акча берүүнү сураган. Аялы акча бербестигин айткандан кийин экөөнүн ортосунда уруш чыгып, Каримов аялын сабап салган.
Буга чейин Пётр Каримов аялын катуу сабап салгандыктан аялы ооруканага жаткырылгандыгы маалымдалган.
Белгилей кетсек, Пётр Каримов 1969-жылы туулган. Ал Ислам Каримовдун биринчи никеси Наталья Кучми экөөнүн тун уулу.