Бишкекте 6-кабаттан секирүүгө аракет кылган кызды куткарган милиция кызматкерлери сыйланды

Бишкек шаарында 6-кабаттан боюн таштоого аракет кылып жаткан 19 жаштагы кызды куткарып калган милиция кызматкерлери сыйланды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Бүгүн, 17-майда Бишкек ШИИББинин башчысы Азамат Ногойбаев Свердлов РИИБдин кызматкерлери милициянын майору Мирлан Турсунбековду жана милициянын капитаны Бектур Нурбековичти өзүнүн функционалдык милдеттерин аткарууда, тактап айтканда жарандын өмүрүн сактап калууда көрсөткөн эрдиги үчүн эстелик белектери менен сыйлаган.

Эске салсак, 15-май күнү Бишкек шаарында 19 жаштагы кыз 6-кабаттан секирүүгө аракет кылып жатканда, аны укук коргоо органдары куткарып калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан