Нурланбек Шакиев Минск шаарына барды

Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев Минск шаарына барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирет.

Маалымдалгандай, анын алкагында Нурланбек Шакиев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) кезектеги жыйындарына катышат. Мындан сырткары Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына карата уюштурулган эскерүү иш-чараларына да күбө болот.

Белгилей кетсек, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагындагы Парламенттик ассамблея 2006-жылы 16-ноябрда түзүлгөн. Ага Кыргызстандын, Орусиянын, Казакстандын, Беларустун, Армениянын жана Тажикстандын парламенттери мүчөлүк кылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан