Садыр Жапаровдун учагы Кытайдагы “Сяньян” аэропортуна конду (видео)

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда мамлекеттик сапар менен Кытайга барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчынын учагы Сиань шаарындагы “Сяньян” эл аралык аэропортуна конду.

"Аэропортто килем төшөлүп, Ардак кароол тизилди. Президент Садыр Жапаровду жана биринчи айым Айгүл Жапарованы КЭР маданият жана туризм министри Ху Хэпин тосуп алды. Ушул эле жерде жогорку даражалуу коноктор үчүн чакан концерттик программа тартууланды", - деп айтылат маалыматта.

Президенттин мамлекеттик сапарынын иш-чаралары Кытайдын үч шаарында - Сиань, Пекин, Цзинань шаарларында өтөрү кошумчаланды.

Белгилей кетсек, мамлекеттик сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров "Борбор Азия-Кытай" саммитинин ишине катышат, КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле КЭР Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, Кытай Элдик Саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл Кытай комитетинин төрагасы Ван Хунин менен жолугушуулар жана башка расмий иш-чаралар пландалууда.

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Кытайга барды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан