Казакстанда жумушчулар Бишкек-Алматы жолун тосушарын айтышууда

Алматы-Бишкек жолун оңдоо менен алектенген ишкананын 200гө жакын жумушчусу ачкачылык жарыялап, жолду тосушарын айтышууда. Бул тууралуу КТК телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, жумушчулардын айтымында алар эки айдан бери айлык ала элек. Күйүүчү майды жана запастык тетиктерди жеткирип жаткандар да нааразы болушууда. Алар бир жылга жакын убакыттан бери көрсөтүлгөн кызматтардын акысын ала албай келишет. Эсептөөлөр боюнча, курулуш компаниясынын жумушчуларына жарым миллиард теңгеден ашык карызы бар.

Ишкананын жетекчилери көп карыз экенин моюнга алышып, күнөөлөрүн алышкан эмес. Алар өздөрү кардардан акча күтүп жаткандыгын, азырынча маселени чече албай тургандыктарын билдиришкен.

Эми кырдаал ого бетер начарлайт деп болжолдонууда. Себеби, буюрутмачылар компания менен келишимди бузганы жатат. Компания кимге карыз болсо, сотко кайрылуу сунушталат.

Мындан улам жол куруучулар ачкачылык жарыялап, өздөрү иштеп жаткан жолду тосууга ниеттенүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан