
Бүгүн, 18-майда Туризмди колдоо фондунун жетекчиси
Елена Калашникова кармалганы кабарланды.
УКМКнын басма сөз кызматынан билдиргендей, фондго бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнгөн, бирок ал каражат максатсыз пайдаланылган.
Маалыматка ылайык, туризм жаатында тажрыйбасы жок чет элдик консультанттар ишке тартылып, аларга айына 6 миң доллардан маяна төлөнүп турган.
"Туристтер үчүн 21 эс алуу жайы (Rest Point) курулушу керек болчу, буга 105 миллион сом бөлүнүп, бир дагы эс алуу жайы ишке берилген эмес. Мындан тышкары, чет элдик компаниялар менен бир катар келишимдер түзүлүп, эскиздерди эле даярдоого 715 миң евро жумшалган. Буга катар фонд бизнес-планын көрсөтпөгөн компанияларга акча бөлгөн, буга 65 миллион сом корогон", - деп айтылат маалыматта.
Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-берененин 1-бөлүгү (Коррупция) негизинде кылмыш иши козголгон жана фонддо тинтүү жүргүзүлүп, тергөөгө тиешелүү финансылык документтер алынган.
"Тергөөнүн жүрүшүндө алынган далилдерди эске алуу менен, фонддун президенти K.E.A. жана вице-президенти В.А.И. кармалып УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат билдирүүдө.
Учурда фонддун жогорудагы мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоо максатында текшерүү иштери жүргүзүлүп, керектүү экспертизаларды дайындоо пландалып жатканы кошумчаланды.