Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Минск шаарында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин жыйынына катышты.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жыйында ассамблеянын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер талкууланып, тиешелүү моделдик мыйзамдардын долбоору боюнча сунуш-пикирлер айтылды.
"Жыйында сөз сүйлөгөн Нурланбек Шакиев ушул жылдын январь айында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна төрагалык кылуу милдети Беларусь Республикасына өткөнүн эске салып, Кыргызстан алдыдагы иш-пландарды ийгиликтүү ишке ашырууга көмөктөшөрүн кошумчалады.
Муну менен катар өткөн жылы уюмдун алкагындагы Парламенттик ассамблеянын түзүлгөндүгүнө 15 жыл толгонун белгилеп, жамааттык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы алакаларды мындан ары да өнүктүрүү зарылчылыгына токтолду", - деп айтылат маалыматта.