Казакстанда 2007-жылы төрөлгөн кызга үйлөнгөн 30 жаштагы киши соттолду

Коңшу Казакстандын Түркстан шаарында 30 жаштагы жаран 15 жаштагы кыз менен интимдик мамиледе болгону үчүн соттолду. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, ал киши расмий түрдө 15 жаштагы кыз менен мамилесин каттаган, бирок бул аны камакка алуудан сактап калган эмес. Ал 2007-жылы туулган кыз менен чогуу жашаган, алардын мамилесин эч ким билген эмес.

Экөө балалуу болгондон кийин туугандары билип, кыздын ата-энеси аябай таң калган. Жыйынтыгында алар милицияга билдирип, 30 жаштагы жаранга карата зордуктоо жана 16 жашка чыга элек адам менен жыныстык катнашка барган деген айып менен кылмыш иши козголду.

Тергөөдө аныкталгандай, айыпталуучу менен жабырлануучу өз ара мамилелерин расмий катташкан. Ошого карабастан иш сотко өткөн. Прокурор аны 17 жылга күчөтүлгөн режимде кесүүнү талап кылды.

15 жаштагы кыз ымыркайы менен сотко келип, айыпталуучуга жеңилдик берүүнү жана бошотууну суранган.

Сот зордуктоо фактысын таппай, бул беренени айыптоодон алып салган. Бирок жашы жете элек менен болгон мамилеси боюнча соттолуучунун күнөөсү толугу менен далилденген. Ал 4 жылга эркинен ажыратылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан