Коррупцияга шектелип кармалган Акылбек Жапаровдун кеңешчиси үй камагына чыкты

Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси, Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондунун жетекчиси Темирбек Эркинов үй камагына чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, ал кечээ, 17-майда үй камагына чыккан. Анда тергөөчү Темирбек Эркиновдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сотко арыз менен кайрылган. Тергөөчү арызында айыпталуучу Кыргызстандын жараны экени, туруктуу жашаган жери бар экендиги жана тергөөгө көмөк көрсөтүүгө макул болгондугун билдиргени айтылат.

Жыйынтыгында сот аны үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган.

Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун башкармалык төрагасы, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Темирбек Эркинов ушул жылдын 4-майында кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан