Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун жетекчиси камакка алынды

Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун башкармалык төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Темирбек Эркинов 3-июлга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 4-майда чыгарды.

Анын коррупция боюнча мурдараак козгогон кылмыш ишинин алкагында, атайын кызмат тарабынан кармалганы айтылууда.

Эске сала кетсек, Кыргыз-венгер фонду 2021-жылы түзүлгөн. Ошондон бери аны Темирбек Эркинов жетектеп келген. Фонд Кыргызстанда өзүн-өзү актаган долбоорлорго займ берүү, капиталына катышуу жана өлкө аймагында катталып, өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чарба субъектилерин каржылоо максатында ачылган. Анын капиталы 50 миллион доллар болору айтылган.

Эркинов эмгек жолун парламенттен катардагы кызматкерден баштаган, андан кийин Соода-өнөр жай палатасында иштеп, бизнес жана коомдук иштер менен алектенген. 2014-жылы Бангладештин Кыргызстандагы ардактуу консулу болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан