ЖЫЛНААМА: Аялдан жолдуу түрк актёру Өзжан Дениз 51 жашка толду 

Бүгүн, 19-майда түркиялык актёр, ырчы, режиссёр Өзжан Дениз 51 жашка толду. Түрк жылдызы 1972-жылы Анкара шаарында төрөлгөн.

Актёр күрд улутунан. Ал жетишпеген турмуштун айынан апасынын каршылыгына карабай 13 жашында мектепти таштап, ырдап үй-бүлөсүн бага баштаган. 16 жашында Германияга иштегени кетип, 3 жылдан кийин мекенине кайтып келген.

Түркияга келгенде ал дароо аскерге кетип, 3 жылдан кийин кайтып келип, сериалдарга тартыла баштайт. Тасма талаасында ага ийгилик алып келген "Коркунучтуу сүйүү "("Опасная любовь") сериалындагы Неджаттын образы болгон. Андан сырткары "Суу жана от", "Июнь кечтери", "Тагдыр", "Сүйүү жүрөккө чок салат" жана башка тасмаларга тартылган. Муну менен гана чектелбестен чыгарма жаратып, аларды өзү тартылган тасмаларда аткарган.

Актёрдук чеберчилиги жана мукам үнү менен мекенинде гана эмес, Германия, Франция, Орусия, Борбор Азияда да өз күйөрмандарын топтогон.

Актёр учурунда башынан нечендеген кыйынчылыктарды, түрдүү сыноолорду өткөргөн. Ошондуктан мүнөзү чыдамкай, чечкиндүү болуп калыптанып калганын актёр өзү айтып келет. "Жумуш издеп канчалаган продюсерлердин эшигин каккылагам. Азыр болсо мени тасмасына тарткысы келген режиссёрлор толтура, ошого кубанам", - дейт Өзжан.

Мукам үндүү, таланттуу ошол эле учурда келишимдүү Өзжан Дениз айымдар арасында абдан популярдуу. Өзжан көптөгөн кино жана эстрада чөйрөсүнүн айымдары менен мамиле курганы айтылат.

Өзжан Дениз 1991-жылы актриса Хандан Денизге үйлөнүп, 2000-жылы ажырашып кетишкен.

Кийин көп убакыт бою Фахрийе Эвжен менен сүйүү мамилесинде жүргөн. Экөөнүн тою болот деп жаткан маалда, 2013-жылы алар эки ажырым жолго түшкөнүн жарыялашкан. Буга актёрдун сүйүктүүсүнүн көзүнө чөп салганы себеп болгону жазылат.

Уулунун үй-бүлө куруп, неберелүү кылбай жүргөнүнө апасы Кадрийе нааразы болгон. Мындан улам ал Өзжандан үйлөнүп, балалуу болуусун талап кылган. Актёрдун апасы ага жаккан уулунун сүйүктүүсү актриса Айча Айшин Туран менен эки жолго түшкөндөн соң анын үйлөнүүсүн талап кылган.

Жеке жашоосун эч качан ачыкка чыгарбаган актёр 2018-жылы 15-мартта жакын адамдарынын курчоосунда сүйүктүүсү Фейза Актанга үйлөнгөн. Жылдыздын жубайы тоюнда келген конокторду салтка айланган ак түстөгү көйнөк кийбей кара көйнөк кийип таң калтырган.

Кийин үлпөт той учурунда Фейза Актан кош бойлуу болгону маалымдалган. 2018-жылы апрель айынын аягында Өзжан Дениз 45 жашында биринчи ирет ата статусуна ээ болгон.

Тилекке каршы, жубайлар 2019-жылы жайында ажырашып кетишкен. Актёр бул чечимдин себебин айтуудан баш тарткан.

Ал эми 2023-жылы февралда актёр ирандык модель жана модельер Самар Дадгарга үйлөнгөн.

19-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан