“Борбор Азия – Кытай” саммити: Өлкө лидерлери Сиань декларациясын кабыл алышты

Бүгүн, 19-майда Кытайдын Сиань шаарында өткөн “Борбор Азия – Кытай” мамлекет башчыларынын саммитинин жыйынтыгы боюнча Сиань декларациясы кабыл алынды.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, бул документке өлкө башчы Садыр Жапаров, КЭР төрагасы Си Цзиньпин, Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев кол койду.

"Жылуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өлкө лидерлери Борбор Азия жана Кытай мамлекеттеринин ортосундагы достук алмашууларды ар тараптуу жыйынтыктап, көп кырдуу өз ара пайдалуу кызматташтыктын тажрыйбасын жалпылаштырып, мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташтыкты тереңдетүүнүн багыттарын белгилеп алышты", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, саммиттин алкагында төмөнкү документтерге кол коюлду:

- “Борбор Азия – Кытай” өнөр жай-инвестициялык кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- “Борбор Азия – Кытай” форматындагы соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- Борбор Азия мамлекеттери менен Кытайдын ортосундагы санариптик соода жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- «Борбор Азия - Кытай» форматында инфраструктура жана инженердик курулуш тармагында кызматташууну өнүктүрүүнү алдыга жылдыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- “Борбор Азия – Кытай” айыл чарба министрлеринин жолугушуусунун механизмин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- “Борбор Азия – Кытай” форматында бажы кызматтарынын жетекчилеринин жолугушуусун өткөрүү механизминин иши жөнүндө жобо;

- "Борбор Азия - Кытай" форматындагы компетенттүү органдардын ортосунда жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн карантиндик алып кирүү жана алып чыгуу жаатындагы техникалык кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- “Борбор Азия – Кытай” Ишкер кеңешин түзүүдө кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан