Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен бирге Сиань шаарындагы Достук аллеясына көчөттөрдү отургузду.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, салтанат биринчи “Борбор Азия - Кытай” саммити аяктагандан кийин болуп өттү.
Мамлекет башчылары анар көчөттөрүн отургузуп, эстеликке сүрөткө түштү.