Ысык-Көл районун өнүктүрүү фондунун директору менен Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Башкы прокуратурадан билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан райондук өнүктүрүү фондунун каражаттарынан "Тамчы" эл аралык аэропортунун маңдайындагы эки аялдама пунктунун курулушунун мыйзамдуулугу текшерилген.
"Текшерүүдө Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Ф.К.Б Ысык-Көл районун өнүктүрүү фондунун директору Д.М.А. менен кылмыштуу бүтүмгө барып, өзүнүн кызматтык милдеттерин кыянаттык менен пайдаланып, аялдама пункттарын куруу боюнча курулуш иштери башталбагандыгына жана бул объекттер келишимге ылайык сапатта кабыл алынбагандыгына карабай, "Д.Л" ЖЧКсынын эсебине алдын ала 844 миң 100 сом акча каражатын которушкандыгы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнч Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголгон.
"Кылмыш иштин алкагында, Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Ф.К.Б. жана Ысык-Көл райондук өнүктүрүү фондунун директору Д.М.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда иш боюнча тергөө иштери улантылып, курулган объектилер боюнча соттук курулуш, техникалык жана башка экспертизалар дайындалды", - деп айтылат билдирүүдө.
Бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган зарыл тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.