Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Калашникова эки айга камакка алынды

Коррупцияга шектелип кармалган Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Елена Калашникова эки айга камалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунан билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-майдын кечинде Елена Калашникова менен анын орун басары Александр Валитовдун бөгөт чарасы каралды. Сот аларды эки айга камакта калтыруу чечимин чыгарды. Тагыраагы, алар 22-июлга чейин УКМКнын убактылуу тергөө абагында камакта болот.

Белгилей кетсек, УКМК өкмөт түзгөн Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Елена Калашникова менен анын орун басары "коррупцияга" шек саналып камалганын 18-майда билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан